Соңку маалыматтар боюнча, өткөн түнү Алжирде болгон жер титирөөдөн 700дөн ашуун киши каза таап, 6000ге жакын адам жаракат алышты. Алжирдин мамлекеттик радиосу жаратылыш кырсыгынан борбор шаар Алжирден башка андан 50-60 чакырымдай алыстыктагы Боумердес, Фения ж.б. майда калаалар катуу жабыр тартканын кабарлайт. Америкалык геологиялык борбор Алжирдеги силкинүүнүн күчү Рихтердин таякчасы боюнча 6,7 баллга жеткенин кабарлады. Өлкөнүн премьер-министри Ахмед Уяхья көптөгөн үй-бүлөлөр толугу менен таш-топурак алдына тирүүлөй көмүлгөнүн айтып, өлгөндөрдүн саны дагы өсүшү мүмкүн деп белгиледи. Табигый кырсыктан жапа чеккен Алжирге Германия, Франция баш болгон бир катар өлкөлөр жардамын көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти.