22-май күнү Австриянын Зальцбург шаарында Европа Биримдигинин кеңейүү маселелерине арналган бийик жолугушуу болуп өттү. Ага катышкан 17 европалык мамлекеттин жетекчилери - Европа менен АКШ ортосундагы мамилелерди оңдоо керек деген бир пикирге келди. Австрия президенти Томас Клестилдин айтымында, доо кеткен мамилелерди оңдоо зарыл: "Биз трансатлантикалык мамилелерди да талкууладык жана Ирак кризиси учурунда АКШ менен европалык мамлекеттер ортосунда пикир келишпестик болгону кейиштүү деген пикирге келдик. Дүйнөдөгү азыркы абалды эске алганда, Европа менен АКШ ортосундагы кызматташууну калыбына келтирүү эң маанилүү нерсе". Жыйынга Австрия, Албания, Алмания, Босния, Болгария, Италия, Мажарстан, Македония, Молдова, Польша, Румыния, Сербия менен Монтенегро (Черногория), Словакия, Словения, Украина, Хорватия жана Чехиянын жетекчилери катышты.