Линктер

ишемби, 27-май, 2017 Бишкек убактысы 16:12

Ирактын дагы бир мурдагы жогорку жетекчиси колго түштү


Ирактагы америкалык аскерий жетекчиликтин айтымында, алар 21-май күнү Ирактын мурдагы өкмөтүнүн дагы бир мүчөсүн кармады. АКШ тарабынан издөө салынган 55 мурдагы жетекчининин тизмесинде жаңы кармалган Азиз Сажих аль-Нуман сегизинчи орунга коюлган жана мурда БААС партиясынын жетекчилеринин бири болгон. Ошол эле 21-май күнү Фаллужа шаарында америкалык аскерий күзөткө каршы ок атылганда, алар жооп кайтарып, эки ирактыкты атып өлтүрдү.

XS
SM
MD
LG