Бул билдирүүнү Москва шаарынын акими Юрий Лужков Орусиянын олимпиада комитетинин жыйынында жасады. Ошентип Москва Лондон, Мадрид, Париж, Гавана жана Лейпциг шаарлары катышып жаткан мелдешке кошулду. Ат салышка катышууну каалаган өлкөлөр ал ниетин ушул жылдын июл айынын орто ченине чейин билдирүүгө тийиш. Ал эми жеңип чыккан өлкөнүн ысмын Эл аралык олимпиада комитети 2005-жылы 6- июлда жарыялайт.
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага