Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Гоңкоңгго каттоого койулган чектөөлөрдү алып таштады


Гоңкоңдун өкмөт башчысы Туң Чи Хва коркунучтуу оорунун жайылышына каршы көрүлгөн иш чараларга жардам бергендиги үчүн гоңкоңдуктарга ыраазчылыгын билдирди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Тайванда абал тынчсыздандырарлык бойдон калып жатканын, ал жерде бүгүн ооруга туш болгон дагы 55 киши катталганын билдирди. Ошентип Тайванда вирустук пневмонияны жугузуп алгандардын саны 538 кишиге жетти. Кытайда бүгүн ооруну дагы 20 киши жугузуп алгандыгы билдирилип, ооругандардын жалпы саны 5 285 кишиге жеткени кабарланды. Дүйнө жүзү боюча өнөгөсүз өпкө оорусуна 8000ден ашык киши дуушар болуп, 680 киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG