Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:14

Кыргыз өкмөтү Өзбекстандын исламдык кыймылы менен Кытайдын уйгур сепаратистерин террордук аракеттер үчүн айыптады


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Борис Полуэктов өткөн декабрде Бишкектин “Оберон” базарында болгон жардыруудан жети киши курман болуп, 20 киши жарат алганын айтты. Полуэктовдун айтымында, ошол эле террорчулар май айында Ош шаарындагы сарапканага бомба орнотушкан. Полуэктов Жалалабад областында ички иштер министрлигинин имараттарына жасалган кол салуу жөнүндө сөз кылып, бул ишке байланыштуу жети шектүү киши камакка алынганын билдирди. Полуэктов Жалалабаддагы кол салуунун уюштуруучулары экөө Түркияда, экөө Кыргызстанда жашынып жүрүшкөнүн билдирди.

XS
SM
MD
LG