Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Коопсуздук кеңешинин Ирак боюнча резолюциясы өлкөдөгү абалды олуттуу жакшыртууга шарт түзөт


Улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын жооптуу кызматкери Марк Маллох Браун резолюция гуманитардык агенттиктердин Ирактын экономикасын калыбына келтирүү жана калкка гумжардам берүү ишин ыкчамдатууга өбөлгө түзөөрүн билдирет. Уюмдун башкатчысынын орун басарынын айтымында, үчүнчү июнга чейин Иракка 1 миллиард доллар өлчөмүндө гумжардам жөнөтүлөт. Кечээ Улуттар уюму Иракка каршы мындан 13 жыл мурда жарыяланган санкцияларды күчүнөн кетирип, АКШ баштаган коалицияга Иракты убактылуу жетектөөгө укук берди.

XS
SM
MD
LG