Үй жайсыз калган миңдеген кишилер эки түн катары менен эшикке конушту. Куткаруучулар үйлөрдүн урандыларынан тирүү калгандарды издеп жатышат. Күчү Рихтер боюнча 6,7 даражага жеткен жер титирөөдөн өлкөнүн түндүк чөлкөмдөрү менен баш калаа жабыр тартты. Өлкөгө Бириккен улуттар уюму, Орусия, Кытай жана башка өлкөлөр гумжардам жөнөтүштү.