Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:23

Баткен облусунда кыргыз-тажик кызматташтыгы талкууланды


БАТКЕН. «Эл аралык толеранттуулук» коомдук фондунун Баткендеги бөлүмү менен Тажикстандын Исфара шаарындагы «Иттифак» коомдук уюму биргелешип өткөргөн бул «тегерек үстөл» жыйынына эки өлкөнүн чегиндеги Карабак жана Ляккан айыл өкмөттөрүнүн башчылары, аталган уюмдардын ушул айылдардагы өкүлдөрү (медиаторлор) катышты. Анда негизинен Баткендин Дөбө айылындагы ичүүчү суунун, ал эми Тажикстандын Ляккан айылында сугат суунун тартыштыгы жөнүндө сөз болуп, эл аралык уюмдардын жардамы менен бул маселени чечүү боюнча сунуштар айтылды. Ошондой эле чыр-чатакка алып келүүчү жагдайларда эки тарапты бир пикирге келтирүү боюнча медиаторлордун ролу талкууланды. Ал эми жыйын соңунда эки элдин ынтымагын бекемдөөдө медиаторлордун биргелешкен иш-аракеттеринин стратегиялык планы иштелип чыкты.

XS
SM
MD
LG