ТАЛАС. Элчи Клаус Ахенбах мырзаны алгач облус губернатору Искендер Айдаралиев кабыл алып, Талас облусунун социалдык-экономикалык абалы тууралуу айтып берди. Талас шаарындагы немец тили тереңдетилип окутулуп жаткан № 3-мектеп-гимназияга келген меймандарга окуучулар немец тилинде өздөрүн тааныштырышты. Андан соң элчи ата-энелердин, педагогдордун катышуусунда 9 бүтүрүүчүгө немец тили боюнча эл аралык конкурстун жеңүүчүсү катары Германиянын тил билүү дипломун тапшырды. Андан соң элчи шаардагы сүт иштетүүчү заводдо, бизнес-инкубатор борборунда, Бакайата районунун Акдөбө айылындагы немецтер уюштурган фермердик чарбада, ушул эле айылдагы Федор Герцен атындагы көркөм сүрөт музейинде, «Манас Ордо» комплексинде болду. Кечинде элчи Клаус Ахенбехты жубайы менен Таластагы немецтердин жердешчилик уюму конокко чакырды.