БИШКЕК. Өзгөн районунун Каратарык айылындагы көчкүдөн жапа чеккендердин Куршабда салына баштаган үйлөрүнө өкмөт курулуш материалдарын таратып бере баштады. Мындай маалымат Архитектура жана курулуш департаментинин жооптуу кызматкери Айчүрөк Тазабековадан алынды. Анын айтымында, көчкүдөн жапа чеккен Сады Кенжебаевге Куршабдан 175 миң сомго 1993-жылы салынган үй сатылып берилди.
Каратарыкта жапа чеккендер үчүн ачылган эсепке 21-майга карата 1 миллион 100 миң сом түштү. Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги 50 миң долларга Каратарыкта жапа чеккендерге курулуш материалдарын сатып берүү ниетин билдирди.