БИШКЕК. Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын башчысы Марк Браундун Кыргызстанга алгачкы иш сапары белгисиз мөөнөткө кийинкиге жылдырылды. Буга байланышкан Марк Браундун билдирүүсүн журналисттерге «Кабар» маалымат агенттигинде БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Ежи Скуратович тааныштырды. Өз билдирүүсүндө Марк Браун Кыргызстанга келбей калышын Ирактагы кырдаал менен байланыштырган. Анткени, ал БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясынын чегиндеги башкатчынын тапшырмасына ылайык Иракты калыбына келтирүү боюнча башкы планды иштеп чыгуу ишин жетекчиликке алышы керек. Браун Кыргызстанга келсе, бийликтин жана коомдук уюмдардын бир катар өкүлдөрү менен жолугушуп, БУУнун, анын Өнүктүрүү Программасынын алкагындагы кызматташтыкты талкууламак.