Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:23

«Кыргызгаздын» жетекчилеринин бири бул ишканага каршы антирекламанын себептерин түшүндүрдү


БИШКЕК. «Өзбекстандын «Узтрансгаз» компаниясы Кыргызстанга газ берүүнү токтоткон жок, ал эми «Вечерний Бишкек» гезитинин кечээки «газ токтоду» деген кабары калп». Бүгүнкү маалымат жыйынында «Кыргызгаз» акционердик коомунун директорунун орун басары Кубанычбек Жусупов ушундай билдирүү жасады. Анын айтымында, 20-майда «Кыргызгаз» карызды төлөө талабын койгон «Узтрансгаздын» телеграммасын алганы чын. Бирок мындай эскертүү каттарын «Кыргызгаз» айына 2-3 ирет алат жана андай маселелерди жумуш үстүндө чечет. Кубанычбек Жусупов «Вечерний Бишкек» гезитиндеги бул ишканага каршы багытталган макалалардын басылып келатканын түшүндүрдү. «Февралда «Кыргызгаз» Кант шифер комбинатына газ берүүнү токтотуп койгон. Ал убакта анын 20 млн. сомдой карызы бар болчу. Ошондон тартып басма сөздө «Кыргызгазга» каршы антиреклама башталды», - деди Кубанычбек Жусупов.
«Кыргызгаздын» «Узтрансгазга» азыр тез арада төлөй турган карызы - 360 миң доллар. Нак акча түрүндө төлөй турган жалпы карызы болсо - 1,2 миллион доллар. Мындан тышкары, ал өзбекстандык өнөктөшүнө 700 миң доллар өлчөмүндөгү товар да бересе болгон. «Кыргызгаздын» өзүнө керектөөчүлөр 200 миллион сом, Кант шифер комбинаты 12,5 миллион сом, «Интергласс» компаниясы 9 миллион сом, Майлысуудагы электрлампа заводу 5 миллион сом карыз.

XS
SM
MD
LG