Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

Жогорку Кеңеш тартип коргоо тармагынын ишин талдады


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүн өкмөттүк саат өткөрүп, анда тартип коргоо тармагынын ишмердүүлүгүн талкуулады. Күч органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн бул өкмөттүк саатта негизинен Кыргызстанда болуп жаткан оор кылмыштар туурасында сөз болду. Парламентте маалымат берген жетекчилер Бишкектин «Оберон» соода борборундагы, «Бакай» банкынын Ош бөлүмүндөгү жардырууларды «Өзбекстан ислам кыймылы» жана «Шарк Азоди Ташкилати» уюмдары менен байланыштырышты. Ушул эле кылмыштарга Улуттук коопсуздук кызматынын айрым адистери Коопсуздук кеңешинин катчысына кол салууну да байланыштырып жүрүшөт. Парламентте ошондой эле Жалалабаддагы курал тоноо облуста, андан кийин өлкөдө төңкөрүш уюштуруу максатында жасалганы белгиленди. Талкууда белгиленгенге караганда, аталган кылмыштар боюнча тергөө иштери уланууда. Бирок, башкы айыпкерлер кармала элек. Айрым депутаттар үстөккө-босток болуп жаткан кылмыштар Ички иштер министрлигинин аброюна кыйла доо кетиргенин белгилешип, күч органдарынын жетекчилерине чара көрүү зарылдыгын айтышты. Маселеге тиешелүү токтом келерки отурумда кабыл алына турган болду.

XS
SM
MD
LG