Алжирде шаршемби күнү болгон жер титирөөдөн өлгөндөрдүн саны бир миң алты жүздөн ашты жана жарат алгандардын саны жети миңдин тегерегинде. Кыйраган имараттардын алдынан улам жаңы өлүктөр табылууда, ошондуктан курман болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн. Зилзаланын кесепеттерин жоюу үчүн Алжирге АКШ, Кытай, Орусия, Түркия жана европалык өлкөлөрдөн жардамчылар келди.
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Нарын АЙЫП, Прага
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Нарын АЙЫП, Прага