Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:28

Эртең Асанкан Жумакматовдун 80 жылдык мааракеси белгиленет


БИШКЕК. Эртең Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Асанкан Жумакматовдун 80 жылдыгына карата салтанаттуу жыйын болуп, анын урматына арналган эл аралык музыкалык фестиваль башталат. Фестиваль 30-майга чейин уланат. СССРдин, Кыргыз ССРнин эл артисти, кыргыз эл баатыры Асанкан Жумакматов - азыркы кезде Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын башкы режиссеру, Кыргыз телерадиокомпаниясынын өзү түзгөн симфониялык оркестринин көркөм жетекчиси. Карамолдо Орозов, Токтогул Сатылганов сыяктуу залкарлардын күүлөрүн алгачкылардан болуп симфонияга салган Асанкан Жумакматов кыргыздын профессионалдык музыкасынын алгачкы дирижерлорунан да болуп саналат.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG