Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

БУУнун Өнүктүрүү Программасынын долбоору түштүктөгү чыр-чатак жагынан кооптуу айылдарды атады


ЖАЛАЛАБАД. БУУнун Өнүктүрүү Программасынын түштүк Кыргызстанды чыр-чатаксыз өнүктүрүү долбоорунун адистери жыл башынан бери облустун 40 айыл өкмөтүндөгү көп улуттуу эл жашаган жана кыргыз-өзбек чек арасына жанаша жайгашкан 232 айыл-кыштакты байкоо иштерин бүтүрүштү. Изилдөөнүн жыйынтыгында Алабука, Аксы, Ноокен, Базаркоргон райондорунда, Көкташ, Бешжыгач, Арсланбап сыяктуу 14 айылда жаңжал чыгып кетиши мүмкүн экендиги аныкталды. Кыргыз өкмөтүнө ал кыштактардагы чыр-чатактардын алдын алуу боюнча сунуштар жиберилди. Долбоор адистери бул айылдарда уюшулган 52 жамаатка социалдык проблемаларды чечүүнүн, эл аралык уюмдардан грант алууга татыктуу долбоор түзүүнүн ыкмаларын үйрөтүштү.

XS
SM
MD
LG