Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

КМШ өлкөлөрүнүн башкы прокурорлору Бишкекте чогулушат


БИШКЕК. Сентябрь айынын башында Бишкекте КМШ мамлекеттеринин Башкы прокурорлорунун координациялык кеңешинин кезектеги отуруму болот. 22-майда Москва шаарында өткөн Башкы прокурорлордун координациялык кеңешинин отуруму ушундай чечимге келди. Москва отурумунда башкы прокурорлор уюмдун уюштуруу иштерин, анын катарында кеңештин регламентин, катчылыктын жобосун талкуулашты. Кыргызстандан бул отурумга башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев катышты. Ал ошондой эле Координациялык кеңештин төрагасы, Орусиянын башкы прокурору Владимир Устинов жана башка кесиптештери менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады. Бул тууралуу бүгүн башкы прокурордун жардамчысы Сумар Хаваза билдирди.

XS
SM
MD
LG