БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте премьер-министр Николай Танаев баш болгон өкмөт мүчөлөрү менен Кыргызстандагы жана чет мамлекеттердеги түрк ишкерлеринин жолугушуусу болду. Аны Түркиянын билим берүү мекемеси «Себат» уюштурду. Жыйында сөз сүйлөгөн Николай Танаев боордош Түркия Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, 1991-жылдан бери эки мамлекет ортосунда 100дөн ашуун келишимдерге жана макулдашууларга кол коюлганын, Түркиянын инвестициясы 350 млн. долларга жетип, ал Кыргызстанга жасалган жалпы инвестициянын 30% түзөөрүн билдирди. Премьер-министрден кийин сөз сүйлөгөн Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Музаффар Эрөктөм эки тараптуу мамиленин мындан ары өнүгүшүнө бардык шарттар бар экенин билдирди. Алардан кийин сөз сүйлөгөн финансы министри Болот Абилдаев жана тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жиенбеков инвестиция, ишкерлик үчүн өлкөдө түзүлүп жаткан шарттар жөнүндө маалымат беришти.