ВАШИНГТОН. Мындай пикирди Германиянын “Фокус” журналына берген интервьюсунда президент Буштун кеңешчиси Кондолиза Райс билдирген. Анын айтымында, Ирак маселесиндеги пикир келишпестиктерден солгундап кеткен мамилелерди АКШ Шрөдерди кийлигиштирбестен оңдоого аракеттенип жатат. Райс айым Буш менен Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишердин мамилеси да начар экенин айтат. Райстын айтымында, Буш Йошка Фишердин саясий өткөн чагы мамлекеттик ишмердин деңгээлиндеги саясатчынын бейнесине жарашпайт деп эсептейт. Жашылдар партиясына кошулаардан мурда Фишер ультрасолчулдардын катарында болгон.