Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:17

Бүгүн Кытайда өнөгөсүз өпкө оорусун жугузуп алган дагы 34 киши катталды


БЕЙЖИН. Оорудан өлкөдө, жалпы эсеп менен, 308 киши каза болгондугу билдирилет. Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, бүгүн каза болгондордун үчөө баш калаада көз жумган. Кытайда вирустук пневмонияга чалдыккан адамдардын саны 5309 кишиге жетти. Бүгүн Гонконгдо ооруну жаңыдан жугузуп алган бир да киши катталган жок. Бирок Дүйнөнүн Саламаттык Сактоо уюму эпидемиянын басаңдагандыгы туралуу сөз кылуу али эрте экенин билдирет. Канадада медиктер эпидемиянын жаңы очогу пайда болот деп кооптонуп жатышат. Торонтодо бул оорудан жакында дагы эки киши каза болду. Тайванда бүгүн ооруну жаңыдан жугузуп алган 10 киши катталып, ооруга чалдыккандардын саны 548 кишиге жетти.

XS
SM
MD
LG