Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

Алжирде жер титирөөдөн курман болгондор 1 700дөн, ал эми жарат алгандар 7000 кишиден ашты


АЛЖИР. Алжирдин жетекчилиги курман болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин, жүздөн ашык киши дайынсыз жок болуп жатканын билдирет. Азыр өлкөгө дүйнөнүн ар кайсы жерлеринен жардам келип жатат. Түштүк Африка республикасы Алжирге куткаруучулар, медиктер, инженерлерден турган топту жана адамдарды издөө үчүн атайын үйрөтүлгөн иттерди жиберди. Куткаруучулар тобун Британия да атказды. Иордания 15 тонна азык-түлүк менен дары-дармек жүктөгөн учагын жөнөттү. Алжирдин өкмөтү жер титирөөдөн жабыркаган ар бир үй бүлөөгө 7 миң доллардан убада кылууда. Миңдеген алжирликтер урандылардын арасынан тирүү калгандарды издеп жатышат. Үй –жайынан айрылган миңдеген кишилер сыртта түнөшүүдө. Кээ бир алжирликтер чет элдик жардам өтө эле жай баракаттык менен берилип жатканына нааразы.

XS
SM
MD
LG