АКШнын элчилиги менен консулдуктары жекшембиде ачылды. Британия, Канада, Германиянынкы ишембиден тарта иштей баштаган. Алар террор коркунучу күчөгөндүктөн өткөн шаршембиде жабылган эле. Анткен менен жогорудагы өлкөлөр өз жарандарына Сауд Аравиянын аймагында эки жака көп чыкпоону эскертүүдө. 12-майдагы терактан кийин батыштыктардын көпчүлүгү Саудиядан кетишти. Андагы жарылуулардан 9 жанкечтиден башка 25 адам өлүп, 200дөй киши жаракат алган.