Полициянын эсебинде, Париждеги бүгүнкү демонстрацияга 230миңдей адам катышты. Өлкөнүн профсоюз уюмдары мындай нааразылык акцияларын өкмөттү пенсиялык реформа боюнча кайрадан сүйлөшүү жүргүзүүгө мажбурлоо үчүн уюштурууда. Алар пенсияга чыгуу курагынын узартылышы, пенсиялык төлөмдөрдүн көбөйтүлүшү менен макул эмес. 13–майда коомдук сектордун кызматчылары иш таштаганда өлкө боюнча унаа тармагы жана мектептер иштебей калган.