Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:20

Арменияда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Парламенттеги 131 депутаттык орун үчүн негизги атаандаштык өкмөтчүл Республикалык партия менен оппозициянын "Адилеттүлүк" деп аталган саясий блогунун ортосунда жүрүүдө. "Адилеттүүлүк" блогунун лидери, жакындагы шайлоодо президент Роберт Кочарянга атаандаш болгон Степан Демирчян добуш берүүнүн алгачкы үч саатынан кийин эле аларга мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар түшө баштаганын билдирди. Арменияда мындан эки ай мурун өткөн президенттик шайлоо армян оппозициясынын жана эл аралык коомчулуктун сынына кабылган. Президент Роберт Кочаряндын атаандашы Степан Демирчян добуштар бурмаланды деп ырастап, шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тарткан эле.

XS
SM
MD
LG