Планды өкмөттүн он эки министри жактады,жетөөсү каршы болду, төртөөсү добуш берген жок. "Жол картасын" айрым шарттар менен жактырган жөөт өкмөтү, маселен, палестин тарап согушкерлердин аракетин токтотушу, палестин качкындары менен алардын мураскорлорунун азыр Израилдин аймагында калган мурдагы үйлөрүнө кайтып баруусу жөнүндөгү талаптарынан баш тартышы керек деп эсептейт. Ал эми палестин өкмөт башчысы Махмуд Аббастын билдиргенине караганда, Израил "Жол картасы" планын түп нускасында кабыл алышы, ага өзгөртүү киргизилбеши керек.Жөөт премьери Ариэль Шарон да алгач "Жол картасы" планынын шарттарына көнгөн эмес, АКШ Израилдин алымча-кошумчалары эсепке алынарына кепилдик берген соң гана ушул жума күнү документти кабыл алууга макул болгон. "Жол картасы" планында 2005-жылы Палестин мамлекетин түзүү каралган.