Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:38

ИРАК МУНАЙ ӨНДҮРҮШҮН ЖОЛГО КОЮДА


Ирак эл аралык санкциялардан арылары менен 13 жылдан бери токтоп калган мунай экспортун кайра жолго салууда. Ирактын мунай министринин айтымында, жакынкы апталарда мунай өндүшүрү дагы жогорулатылат. Бул ишти ирактыктар толугу менен өз колуна алганга чейин, мунай ишканаларынын коопсуздугун камсыздоо америкалык аскерлердин мойнунда кала бермекчи.

Ирактын мунай министрлигин убактылуу башкарган Тамер ал-Габдан ушул ишембиде Багдадда кабарчылардын суроолоруна жооп берди. Анын сөзү боюнча, бир ай ичинде мунай өндүрүшү эки эсеге жогорулатылат:

-Биз бир нече жумада, үч жуманын ичинде күнүгө 1.3 же 1.5 миллион баррель өндүрүлгөн деңгээлге чыбагыз.

Ал-Габдан жакынкы пландардын аки-чүкүсүн мындайча түкшүмөлдөдү:

- Биз мунай өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтө алаарыбызга ишенебиз, күйүүчү майга жана башка мунай продуктыларына болгон жергиликтүүталапты канааттандыра алаарыбызга ишенебиз. Биз ошондой эле өлкөгө кызмат өтөп, Иракты калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон каражатты топтой алаарыбызга ишенем.

Ирак бүгүн күнүгө болгону 700 миң баррель мунай өндүрөт, бул согушка чейинкиден төрт эседен ашыкка аз. АКШ баштаган согуштан кийин пайда болгон күйүүчү майдын тартыштыгы бир катар ири шаарларда нааразылык акцияларыга себеп болду.

Ирактагы мунай экспортунун абалы эл аралык финансы базарлары үчүн өтө маанилүү – анткени бул экспорт мунайдын дүйнөлүк баасын аныктоочу факторлордун бири саналат.

Багдаддагы пресс-конференцияга Ирактын мунай министрлигинин кеңешчи тобунун төрагасы, "Шелл Ойл" компаниясынын мурдагы аткаруучу директору Филип Кэролл да катышты.

Мунай министринин айтымында, азыр Садам Хусейндин тушунда чет элдик ишканалар менен түзүлгөн келишимдерди кайра карап чыгуу пландаштырылууда. Мында Ирактын ОПЕК уюумунда калаар калбасы да орчундуу маселелерден. Министр бул маселеге айкындык киргизген жок, болгону Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюуму-ОПЭК Багдадда түзүлгөнүн жана Ирак анын активдүү мүчөсү болгондугун белгиледи.

Мунай өндүрүшү ошондой эле Иракты калыбына келтирүүдө чечүүчү мааниге ээ болмокчу. Кошмо Штаттары мунай экспортунан түшкөн кирешени Ирактагы реконструкция иштерине сарптоого ниеттенүүдө. Ал-Гадбан ирактык мунайдын баасы Саддам Хусейндин тушундагыдай эл аралык баадан төмөн болбой тургандыгын билдирди.

Бириккен улуттар уюуму өткөн бейшембиде Иракка каршы санкцияларды күчүнөн кетиргенден кийин, Ирак АКШ басып кирген 20-марттан кийин биринчи жолу мунайын сырт жактарга сатууга мүмкүнчүлүк алууда.

Саддам Хусейндин убагында кара майдын көлөмү 3 миллион баррелге жетип турган. Бирок Ирак Кувейтке кол салган 1990-жылдан кийин киргизилген санкциялардын кесепетинен өлкө мунайдын аз гана бөлүгүн эскпорттоп калган, ал да Бириккен улуттардын көзөмөлү менен жүргүзүлүп, түшкөн каражат ирак элине азык-түлүк, дары-дармек алууга жумшалчу. 13 жыл бою киреше болбой, инвестициянын булагы соолуп калгандыктан, Ирактын мунай тармагынын ахвалы кескин начарлап кеткен.

XS
SM
MD
LG