Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

Ирандын расмий бийлиги «Ал-Каида» уюмуна каршы күрөшүн улантаарын маалымдады


«Усама бен-Ладен жетектеген «Ал-Каида» коркунучтуу террордук уюм жана биздин өлкө уюмдун аракеттерине каршы күрөшүн улантат» деп билдирди Ирандын тышкы иштер министри Камал Карази «Вашингтон пост» газетасынын кечээги номурунда жарыяланган интервьюсунда. Ушул эле күнү Ирандын БУУдагы өкүлү Жавад Зариф АКШнын сыналгысы аркылуу чыгып сүйлөп, Иран соңку 14 айдын ичинде дүйнөдөгү башка өлкөлөргө караганда «Ал-Каида» уюмунун эң көп өкүлдөрүн колго түшүргөндүгүн жарыялады. Соңку мезгилдери АКШнын жетекчилиги Иранды «Ал-Каиданын» мүчөлөрүнүн жаап-жашырып, Ирактагы согуштан кийинки абалды курчутууга көмөктөшүүдө деп айыптап келет. Мындай айыптоону Иран бийлиги четке кагууда.

XS
SM
MD
LG