Жекшемби күнү Арменияда парламенттик шайлоо өткөрүлдү. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого өлкөдөгү добуш берүүгө укугу бар 2 миллион 400 миң шайлоочунун 50% катышкандыгын маалымдады. «Азаттык» радиосунун Еревандагы кабарчысынын маалыматына караганда, шайлоо күнү Арташат районундагы бир айыл белгисиз куралдуу адам шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө кол салып, бир адамды өлтүрүп, участкалык шайлоо комиссиясынын жетекчисин жана комиссиянын башка эки мүчөсүн жарадар кылган. Кылмышкер жергиликтүү милиция тарабынан колго түшүрүлүп, тергөө жүргүзүлүүдө. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы жакынкы сааттарда чыгарылат. Ушул эле күнү Армениядагы оппозициялык партиялардын «Адилеттик» блогунун өкүлдөрү шайлоонун жүрүшүндө кайталап добуш берүү, добуштарды сатып алуу сыяктуу мыйзам бузуулар орун алгандыгын кабарлады. Бирок расмий бийлик мындай маалыматы жокко чыгарууда.