Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Бишкектеги аялдар конференциясы


БИШКЕК. 26-майда Бишкекте «Аял менен эркектин саясаттагы теңчилигин камсыздоо стратегиясы» аттуу эларалык конференция башталды. Президенттин алдындагы аялдар маселеси боюнча улуттук кеңеш жана бир катар эларалык уюмдар уюштурган конференция Борбор Азиядагы аялдардын саясатта алган орду жана ага тоскоол болгон жагдайларды тактоо максатын көздөөдө. Өзбекстандагы ишкер аялдар ассоциациясынын төрайымы Дилдора Алимбекованын баамында, чөлкөмдө кыргызстандык аялдардын активдүүлүгү жакшы, бирок, саясаттагы саны боюнча башка өлкөлөр менен бирдей. Кыргызстандын аялдар маселеси боюнча улуттук кеңешинин жооптуу катчысы Айгүл Кангелдиева республикада аялдар маселеси 1999-Аялдар жылында жакшы чечилген деп билдирди. Конрад Аденауэр фондунун Кыргызстандагы координатору Мира Карыбаева аялдардын парламентке келүүсүнө партиялык тизме жакшы өбөлгө болгондугун, парламенттик эмки шайлоодо бир дагы аял шайланбашы мүмкүн экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG