Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

Аскар Айтматовдун Францияга сапары аяктады


БИШКЕК. Кыргыз президенти Аскар Акаевдин күздө Францияга иш сапары башталат. Визиттин максаты Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун 19-23-майда Франциядагы сапары учурунда сүйлөшүлдү. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Аскар Айтматов сапары учурунда Франциянын президенти Жак Ширак менен жолугушкан. Анда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселеси талкууланган жана кыргыз тарап Францияга эки келишимдин долбоорун тапшырган. Аларга президент Акаевдин күзүндөгү сапары учурунда кол коюлса, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуусуна кыйла дурус шарт түзүлөт. Аскар Айтматов Франциянын тышкы иштер министри, Сенат жана Улуттук Ассамблеяда жолугушууларды өткөрдү. Сапардын негизги жыйынтыктарынын бири «Франциянын техникалык өнүгүү жана кызматташуу агенттигинин жетекчилиги менен жолугушуу, анын өкүлчүлүгүн Бишкекте ачуу маселесинин чечилиши болду»- деп айтылат Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.

XS
SM
MD
LG