Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:32

Өнөгөсүз өпкө оорусунун коркунучу жок


БИШКЕК. Кытайдан чыккан өнөгөсүз өпкө оорусуна байланыштуу Казакстан Кыргызстан жак чек арасын жабышы мүмкүн. Мындай билдирүүнү парламент депутаты Ишенбай Кадырбеков палатанын 26-майдагы отурумунда жасады. Анын айтымында, буга Кытайдан Кыргызстанга каттаган машиналардын токтотулбаганы негизги себеп болууда. Кыргызстандын санэпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директорунун орунбасары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, мындай кооптонууга негиз жок. Анткени, өкмөт башчынын буйругуна ылайык чек арадан өтүп жаткан машиналар менен алардын айдоочулары атайын дезинфекциядан өткөрүлүп, 10 күндүк көзөмөлгө алынууда жана алардын арасында оору байкалган жок. Ал эми карантин жана өзгөчө жугуштуу оорулар боюнча инспекциянын республикалык борборунун директорунун орунбасары Раиса Казакбаеванын айтымында, 19-майда жабылган чек арадан бүгүнгө чейин 312 адам өттү.

XS
SM
MD
LG