БИШКЕК. 26-майда күндүзгү саат 14тө Ленин райондук сотунун бир нече сот аткаруучулары ондогон милиция кызматкерлеринин коштоосу менен «Моя столица» гезитинин мүлкүн тизмелөө аракетин жасады. Бирок, редакция кызматкерлери «Моя столицанын» мүлкү жок экендигин, редакция пайдаланган мүлктүн баары АКШнын элчилиги тарабынан келишим менен «Адвокат» гезитине берилген мүлк экендигин далилдеген документтерди көрсөтүштү. Сот аткаруучулар бул документтер дагы изилденүүгө муктаж экендигин билдиришти. Редакция кызматкерлери сот аткаруучулардын мындай аракетин «мыйзамсыз» деп баалап, ал боюнча акт түзүштү жана анын негизинде арыз менен прокуратурага кайрыларын билдиришти. «Моя столица» гезитинин башкы редактору Александр Кимдин айтымында, басылма мындан ары «Адвокат» гезитинде башкача аталышта чыга баштамакчы. «Моя столица» гезитине каршы өкмөт башчысы Николай Танаевдин арызы баш болуп, 37 доо арыз берилген. Алар талап кылган айыппулдун суммасы 98млн сомду түзөт.