Ден–соолугуна байланыштуу дээрлик бир айча ишке чыкпаган Азербайжан президенти бүгүн Бакуда "Бритиш Петролиум" компаниясынын жетекчилерин кабыл алды. Аталган компания - Азербайжандын ири инвесторлорунун бири. Жашы сексенге келген Гейдар Алиевдин саламаттыгы жакшы эмес. Ал өткөн айда эл алдында сүйлөп жатып, эки ирэт ээсин жоготуп койгондон бери дарыланууда болчу.