Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:07

Армениядагы парламенттик шайлоодо добуштардын көпчүлүгү өкмөтчүл партиялар үчүн берилди


Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматтарына караганда, топтолгон добуштардын саны боюнча президент Роберт Кочарянды жактаган партиялар алдыда келе жатат. Ал эми армян оппозициясынын ырастоосунда, добуш берүү жараяны бурмалоолор, күн мурунтан толтурулган бюллетендерди урналарга таштоо менен коштолду. Еревандын түштүгүндөгү Шаумян кыштагынын шайлоо бекетинде орун алган куралдуу чатактан бир адам өлүп, бир нече киши,анын иинде "Адилеттүүлүк" деп аталган оппозициялык бирикменин өкүлү жаракат алган. ЕККУнун Еревандагы элчиси Роберт Бэрринин билдиргенине караганда, аталган уюмдун жана Европа Кеңешинин байкоочулары шайлоо кемчиликтер менен өттү, жакындагы президенттик шайлоого салыштырмалуу дурус болгону менен эл аралык стандарттарга жооп берген жок деп эсептейт. Ал эми КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулар тобунун башчысы Юрий Яров шайлоо демократиялык маанайда өткөнүн белгиледи.

XS
SM
MD
LG