Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:54

Түркиядагы авиакырсыктан Испаниянын аскер кызматчылары каза тапты


ЯК–42 үлгүсүндөгү украиналык учак Трабзон шаарына жакын жерде кулап, учактын бортундагы 74 адам түгөл курман болду. Алардын 62си Ооганстандагы эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн испан аскер кызматчылары, 12си экипаждын мүчөлөрү эле. Учак Кыргызстандын башкалаасы Бишкектен учуп чыгып, Испаниянын Сарагоза шаарын көздөй бара жаткан. Трабзонго май куюу үчүн токтомок. Учакка ээлик кылган украиналык авиакомпаниянын жетекчилеринин бири Володимир Горбановскинин айтымында, экипаж менен байланыш катуу тумандан улам учак Трабзондун аба майданына конуу үчүн экинчи ирээт аракет жасагандан кийин үзүлгөн. Испания тарап да кырсыктын ыктымал себеби катары аба-ырайынын начардыгын атады.

XS
SM
MD
LG