Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:48

БУУнун Ирактагы өкүлчүлүгү БААС партиясынын мүчөлөрүнө адилетүүлүк менен мамиле кылууга чакырды


БУУнун Ирактагы гуманитардык программасынын жетекчиси Ромеро Лопес да Сильва БААС партиясынын мүчөлөрүнө адилетүүлүк менен мамиле жасоого чакырды. Мындай кайрылууну ал соңку мезгилдери АКШнын жана Британиянын Ирактагы өкүлдөрүнүн БААС партиясынын мүчөлөрүнүн баарын мамлекеттик кызматтардан алуу аракетинен соң жасады. Анын айтымында, Саддам Хусейндин мезгилинде Ирактын көпчүлүк жарандары БААС партиясына мүчө болуудан башка аргасы жок болуучу. Ошондуктан, партиянын мүчөлөрүнүн баарын эле мамлекеттик кызматтардан алуу туура эмес.

XS
SM
MD
LG