Санкт-Петербургда 27-май күнү шаардын 300 жылдыгына арналган салтанаттар башталды. Аптанын аягында калаага дүйнөнүн кыркка жакын мамлекетинин жетекчилери келет жана салтанаттар учурунда көптөгөн жыйындар болот. Алардын ичинде - АКШ менен Орусия президенттери Жорж Буш менен Владимир Путиндин жолугушуусу да бар. Кечээ күнү орус мааламат каражаттарынын кабарчылары менен жолугуп, Путин Санкт-Петербург - Орусияны Батыш менен бириктирген көпүрө деп билдирди.