БАТКЕН. Өнөгөсүз өпкө ооруусунан сактануу максатында Өзбекстан чек арадан өткөрүү пункттарына санитардык карантин кызматын киргизип, Баткен облусу менен чектешкен аймактарына дагы кошумча чек ара, бажы бекеттерин орнотту. Облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн бүгүн алынган маалыматка караганда, өнөгөсүз өпкө оорусунун алдын алуу максатында Өзбекстандын чек арадагы өткөрүү пункттарынын баарында өткөн жумадан тартып санитардык карантин кызматы күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Ошондой эле буга байланыштуу Кадамжай районунун Халмион, Кыргызкыштак, Алга айыл өкмөттөрүнө жакын жерлерге Өзбекстан кошумча 4 чек ара жана бажы бекеттерин орнотту. Учурда Баткен облусунун жетекчилиги өзбек тараптын мындай аракеттери тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу
Редактор – Жыргалбек Касаболотов