Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

Инвестициялык саммит быйыл июнь айында болот


БИШКЕК. Быйыл 27-29-июнда үчүнчү инвестициялык саммит болот. Президенттин Тышкы инвестицияларды тартуу боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынан бүгүн алынган маалыматка караганда, ага донор-мамлекеттердин жана эл аралык финансы уюмдарынын өкүлдөрү, Орусиянын «Өткөөл мезгилдеги экономика» институтунун директору Егор Гайдар катышат. Катчылыктын жетекчиси Рафхат Хасановдун айтымында, саммит үч сессияда болуп, анда инвестицияны тартуу боюнча азыркы эң маанилүү маселелер, алдыда турган милдеттерди ишке ашыруунун негизги багыттары талкууланып, инвестиция тартуу боюнча үчүнчү матрицанын жакшыртылган варианты кабыл алынат. Ага чейин 5-июнда инвестициялык консультативдик кеңештин кезектеги жыйыны болуп, бул тармактагы олуттуу маселелер каралат.

XS
SM
MD
LG