Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:40

КМШ мамлекеттеринин жетекчилери Санкт-Петербургда жыйын курушат


БИШКЕК. 30-майда Санкт-Петербург шаарынын 300 жылдыгын белгилөөгө байланышкан иш-чаралардын алкагында КМШнын мамлекет башчыларынын бейформал жыйыны болот. Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, анда Иракка байланыштуу дүйнөдөгү акыркы кырдаал жана Ирак проблемасын эл аралык укуктун жана БУУнун уставынын негизинде жөнгө салуу маселеси каралат. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин бүгүнкү маалыматына караганда, Беларустун, Казакстандын, Орусиянын жана Украинанын бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзүү тууралуу чечими КМШнын калган мамлекеттеринде кайчы пикирлерди жаратты. Ошондуктан, жыйында бирдиктүү мейкиндикти түзүү келишимин даярдоо тууралуу маалымат берилип, ага каалаган тараптардын кириши боюнча түшүндүрмөлөр айтылат. Андан тышкары, Бейпилдикти сактоо боюнча жамааттык күчтөрдүн Абхазияда тура турган мөөнөтү такталат.

XS
SM
MD
LG