Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Кыргыз президенти эртең ШКУнун саммитине катышканы Москвага кетет


БИШКЕК. Эртең-бүрсүгүнү Москва шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) кирген мамлекеттердин саммити болот. Ага катышканы эртең президент Аскар Акаев баштаган Кыргызстандын делегациясы Москвага барат. Мындай маалымат бүгүн Тышкы иштер министрлигинин КМШ мамлекеттери боюнча башкармалыгынан алынды. Маалыматка караганда, ШКУга кирген мамлекеттердин башчылары бул жолу мамлекет башчыларынын, өкмөт жетекчилеринин,тышкы иштер министрлеринин кеңештери, катчылык, регионалдык антитеррористтик структура боюнча маселелерди, алардын ишин жөнгө салуучу документтерди, уюмдун бюджетин, аны түзүү жагын карашат. Саммитте уюмдун аткаруучу катчылыгына Кытайдын Орусиядагы элчиси Чжан Дэгуан бекитилиши мүмкүн. Андан тышкары уюмдун эмблемасы, туусу бекитилет деген да маалымат бар.

XS
SM
MD
LG