Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Кыргызстандын тез аракеттенүүчү күчтөрү машыгуу өткөрүштү


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын Коргоо, Ички иштер, Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрликтеринин, Улуттук коопсуздук кызматынын жана Улуттук гвардиянын тез аракеттенүүчү күчтөрүнүн жыйынтыктоочу тактикалык атайын машыгуусу болду. Анда бул күчтөрдүн ар кандай күтүүсүз кырдаалдарда жасай турган аракеттери такталды. Коргоо министрлигинин «Алатоо» окуу борборунда болгон машыгууга президент Аскар Акаев жана премьер-министр Николай Танаев, ошондой эле аталган министрликтердин жетекчилери көз салышты. Машыгуунун аягында мыкты жоокерлерге өкмөттүк сыйлыктар берилди. Кыргызстандагы тез аракеттенүүчү күчтөр 2002-жылдын ноябрь айында түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG