Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:13

Президенттин уулуна кол салуу тууралуу маалыматтын анык-төгүнү тактала элек


БИШКЕК. «”23-майдын түнүндө Бишкек шаарынын борборунда граната жарылды” деген маалыматты такташ үчүн тартип коргоо органдарына атайын кайрылуу жиберебиз», деп билдирди бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев. Депутат Дүйшөн Чотоновдун маалыматы боюнча, жардыруу өлкөдөгү чоң жетекчинин үй-бүлө мүчөсүнө каршы жасалган. Бирок Мыйзам чыгаруу жыйынынын отурумуна катышып жаткан тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү депутаттын жардыруу тууралуу суроосуна жооп беришкен жок. Ал эми «Агым» гезити шейшембидеги санында өткөн жума күнү түн ичинде президент А. Акаевдин уулу Айдар Акаевге граната ыргытылганы тууралуу сөз тараганын жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG