Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Алжирде дагы жер титирөө катталды


Алжирде мындан бир нече саат илгери жаңы жер титирөө болду. Рейтер агенттигинин маалыматына караганда, зилзаланын очогу Алжирдин оhдо калаасынан 70 чакырым чыгыштагы Земмури шаарында орун алып, силкинүүнүн күчү Рихтер шкаласы боюнча 5-6 балга жетти. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жабырланган адамдар бар, бирок алардын так саны аныктала элек. Алжирде өткөн аптада күчү 6,7 балга жеткен жер титирөөдөн, 2 миңден ашуун адам каза болуп, 9 миңдей адам жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG