Кырсык 5350 метр бийиктикте жайгашкан альпинисттик базада болгон. Курман болгондордун экөө тең непалдыктар экени маалымдалат. Орусияда жасалган Ми –17 үлгүсүндөгү тик учак Симрук Эйр менчик компаниясына тийешелүү болгон. Окуя Эвересттин багындырылганынын 50-жылдык мааракесине бир күн калганда болуп отурат. Кырсыктын себептери белгисиз. Мааракени белгилөө үчүн ушул күндөрү Эверест чокусуна чыккан миңдеген альпинистер тоонун этегиндеги лагерлерге чогулууда.
Эверест тоо чокусунан алыс эмес жерде болгон аба кырсыгынан эки киши курман болуп, тогуз киши жарат алышты