Абдул Рахман Мустафа шаар акими болууга талаптанган араб жана түркмөн улутундагы атаандаштарын жеңип чыкты. Шайлоого АКШнын генералы Раймонд Одиерно көзөмөл жүргүздү. Киркуктук араптар шайлонун жүргүзүлүшүнө нааразы. Алар араптардын кызыкчылыгын шаар кеңешинде болгону 6, ал эми күрттөрдүкүн 11 киши жактаганын айтышат. Араб, күрт, ассирий жана түркмөн коомчулугунун ар бирине шаар кеңешинде алтыдан орун берилген болчу. Шаарды көзөмөлдөп турган АКШы күчтөрү кеңешке дагы көз каранды эмес 6 өкүлдү киргизишкен. Алардын бешөө - күрттөр, бирөө - асирий улунтундагы жаран эле.