Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Палестин премьери эртең Израилдин премьер-министри менен жолугушат


Палестин автономиясынын өкмөт башчысы Аббастын айтымында, жолугушуу учурунда "Жол көрсөткүч карта" деп аталган тынчтык планы талкууланат. "Биз жол көрсөткүч тынчтык планын ишке ашыруунун чараларын жана планды ишке ашыруу үчүн эки тараптан тең күтүлүп жаткан кадамдарды талкуулайбыз", - деди Аббас. Бул жолугушуу келерки жумада АКШнын президенти Буш, Израилдин жана Палестин Автономиясынын премьер-министрлери Шарон менен Аббастын саммитине карата өтөт. Израил планды өткөн жекшембиде кубаттаган, бирок анын айрым жерлерин өзгөртүүнү сунуш кылган. Планда 2005-жылы эгемен палестин мамлекетин түзүү, палестин жерлеринде жөөт кыштактарынын курулушун токтотуу жана жөөт аскерлерин оккупацияланган жерлерден толук чыгарып кетүү каралат.

XS
SM
MD
LG