БАТКЕН. Облустук акимчиликтен бүгүн алынган маалыматка караганда, Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүндө болгон селдин кесепеттерин жоюга азыр колдон келген бардык аракеттер көрүлүп жатат. Атайын комиссия бул табият кырсыгы алып келген чыгымдарды тактоодо. 26-май күнү нөшөрлөп жааган катуу жаандан улам, кечинде ушул айыл өкмөтүнүн аймагында сел жүрүп, андан бир үй кыйрап, 18 үйгө, 22 чарбалык курулушка жана 83 короо-жайга суу кирип кеткен. Мындан тышкары, 2 үй коркунучтуу абалга келип, Үчкоргон-Теңизбай жолунун айрым бөлүктөрүн сел бузган.