Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:46

Эртең Кыргызстанга Германиядан делегация келет


БИШКЕК. 29-30-майда Кыргызстанда Германиянын Бундесратынын, же парламентинин жогорку палатасынын президенти, Саксония-Анхальт жеринин өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Вольфганг Бемер баштаган расмий делегация таанышуу сапары менен болот. Вольфганг Бемер премьер-министр Николай Танаев, мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов жана Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев менен жолугушат. Анда Кыргызстан менен Германиянын эки тараптуу мамилесин өнүктүрүү, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланып, регионалдык, эл аралык саясатка байланыштуу пикир алмашуулар болот. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Андан алынган маалыматка караганда, германиялык делегация Ысыката районундагы Ротфронт айылында болуп, ал жердеги немис диаспорасы менен жолугушат.

XS
SM
MD
LG